Маданият

Атактуу актриса Жамал Сейдакматова дүйнө салды

Кыргыз Республикасынын эл артисти, театр жана кино актрисасы, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси, «Туңгуч» театрынын негиздөөчүсү Жамал Сейдакматова акка моюн сунду. Бул тууралуу маркумдун жакындары билдиришти. Маалыматка караганда актриса катуу оорудан 16-февралда саат 3:00 чамасында каза болгон.

Жамал Сейдакматова 1939-жылы 21-сентябрда Көлдүн күңгөйүндөгү Темир айлында туулуп-өскөн. Атасы көп убакыт бала жытын искей албай жүрүп, бешинчи жубайынан Жамалды көргөн экен. Апасы Ажар Каракол театрында актриса болуп иштеген. Ата-энесинин жалгыз баласы болгондуктан абдан эрке өскөн. Бала чагынан эле ыр-бийге шыктуу болуп өсөт. Ата-энеси мыкты билим алсын деп борборго жөнөткөн. Мектепти аяктагандан кийин атасынын тили менен Москвадагы Жеңил өнөр жай институтуна тапшырат. Баары бир жүрөгүн уялаган максаты жанына жай бербей, акыры аталган институтту 2-курстан таштап, Фрунзеге келип театрга баш баккан.

Чыгармачылыгы «Алыскы тоолордо» фильмине тартылуу менен башталган. Театр сахнасында агарып-көгөрүп, ийгиликтерге жетишип, кыргыз элине таанылган. Сейдакматованын 60-70-жылдар ичиндеги театр сахнасындагы бирден бир жетишкендиги англиялык улуу драматург Шекспирдин «Азоого чалма» комедиясындагы Катаринанын образы деп айтылып жүрөт. Театр менен сахнадаСейдакматова көбүнчө лирикалык, драмалык маанайдагы образдарды жаратуунун чебери катары мүнөздөлүп келет. Бирок ошол эле Катаринанын, андан соң «Үйлөнүү» спектаклиндеги Агафья Тихоновнанын образдары анын комедиялык мүнөздөгү да мыкты актриса экенин айгинелейт.

Театрда иштей баштаган алгачкы эле мезгилден тартып жаш актриса кыргыз кинолоруна да активдүү тартылып, тасма талаасын да багындырган. «Акбаранын көз жашында» – Көктурсундун, «Алыскы тоолордо» – Зыягүлдүн, «Тянь-Шань кызы» тасмасында – Алтынайдын, «Караш-Карашта» – Хаджанын, «Уланда» — Фатиманын, кече жакында эле «Курманжан даткада» – Курманжан датканын ролдорун өтө жогорку деӊгээлде аткарганын кино сүйүүчүлөр жакшы билет. 1989-жылы болочок «Тунгуч» театрын түптөгөн.

Жамал Сейдакматованын жакындарына жана кесиптештерине Abal.kg маалымат агенттигинин жамааты терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button