Жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна 425 миллион сом сарпталары белгилүү болду

Кыргызстандагы жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөрүүгө 425 миллион сом жумшалат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

Анын айтымында, БШКнын 15-февралда өткөн отурумунда чыгымдардын болжолдуу эсеби бекитилген.

“Бул сумма шайлоо өтө турган аймактардагы добуш берүү тилкелерин жана бюллетендерди даярдоого, аларды жеткирүүгө жана шайлоочулардын тизмелерин чыгарууга жумшалат”, — деди Бекматов.

БШК төрайымынын орун басары белгилегендей, эгерде жергиликтүү кеңешке шайлоо менен Конституцияны кабыл алуу боюнча референдум чогуу өтө турган болсо, жогорудагы чыгымдардын суммасы дагы көбөйшү мүмкүн.

“Эгер референдумду жергиликтүү кеңештердин шайлоосу менен бирге өткөрүү сунушу колдоо тапса, анда бюллетендерди даярдоо жана аларды жеткирүү сыяктуу жумуштар үчүн дагы акча бөлүнөт”, — деди ал.

Бишкек шаардык кеңеши менен 447 жергиликтүү кеңешке шайлоо 11-апрелге белгиленген.