Жарандар тарабынан социалдык сайттар аркылуу Ош базарынын айланасындагы жол тыгындарын жою жана жол жээгинде соода-сатык кылып, жол кыймылынын катышуучуларына тоскоолдук жараткан жарандарга карата чара көрүү боюнча көп кайрылуулар келип түшөт.
Жарандардын кайрылууларын эске алуу менен Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери Ленин райондук администрациясынын кызматкерлери менен бирдикте Ош базарынын тегерегиндеги Бейшеналиева жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилиши, Кулиев жана Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинде жол тыгындарын жаратып, унаа жүрүүчү жолдорго чейин чыгып кеткен мыйзамсыз башаламан соода-сатык кылган сатуучуларга карата түшүндүрүү жана эскертүү иштерин жүргүзүшкөн. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын бузуулар тууралу кодексинин 120-берененин (Жол жээгиндеги тилкелерде тиешелүү органдар менен макулдашпастан, соода точкаларын, тамактануу жайларын, сервистерди же жарнак такталарын, паннолорду, афишаларды, транспаранттарды, көрнөктөрдү, плакаттарды, белгилерди, көрсөткүчтөрдү куруу же уюштуруу) негизинде 6 протокол толтурулуп, 2-категориядагы айып пулдар салынды.
Ошондой эле туура эмес орун алган соода-сатык жерлер тазаланып алдырылды.
Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы