Айдаркенде болгон уурулуктардын бети ачылды


Айдаркен шаарчасында февраль айларынын баштарында сыртта токтоп турган “Хундай-Портер” үлүсүндөгү автоунаалардын аккумляторлорун белгисиз адамдар түн ичинде уурдап кетишкендигин билдирип жалпысынан 6 арыз келип түшкөн. Бул факты Кадамжай РИИБнин КЖБРне Жоруктар жөнүндө кодексинин 90-беренеси (орчундуу эмес өлчөмдө уурдоо) менен катталып текшерүү иштери башталган.
Текшерүү иштеринин жүрүшүндө Кызыл-Кыя шаарындагы “Таштемир-Ажы” борбордук базарында уурдалган аккумляторлорду сатып жаткан жеринен Айдаркен шаарынын 16жаштагы М.А. жана 17жаштагы О.С.аттуу тургундары аныкталып кармалышкан. Азыркы күндө тергөө иштери жүргүзүлүп, уурдалган аккумляторлор өз ээлерине кайтарылып берилди.
Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы