Косметолог уйкунун сулуулук менен байланышын айтып берди

Медицина илимдеринин доктору, дарыгер, дерматолог-косметолог Светлана Жабоева теринин эрте картайып кетүүсүн алдын алуу үчүн толук кандуу уйку маанилүү экенин, канча саат, кандай абалда уктоо керектигин айтып берди. Бул тууралуу “Известия” басылмасы жазды.

Дарыгер белгилегендей, жакшы уктоо үчүн жаздыкты туура тандаш керек. Эгер жаздык туура тандалса, уйку учурунда моюнда кан айлануу жүрүп, эртең менен адам шишибей, башы оорлошпой ойгонот.
Косметологдун айтымында, жаздыктын баары эле жарай берет. Болгону анын бийиктиги ийиндин көлөмүнүн жарымынан кичине болбошу керек. Ал адамдын кандай абалда уктаганы, алсак, чалкасынан, көмкөрөсүнөн, капталынан жатканы да өтө маанилүү экенине токтолгон.

“Ыңгайлуу жатып уктоо абдан маанилүү. Эң башкысы — көмкөрөңөр менен бетти жаздыкка коюп жатпагыла! Эгер моюнда остеохондроз болсо, анда сөзсүз түрдө туура абалда жатууга көңүл буруңуз”, — деген адис.
Косметолог сулуулукту сактап, теринин жакшы абалда болушу үчүн уйку дагы маанилүү экенин белгилеген. Эгер уйку канбай калса, анда ал организмдеги зат алмашуу процесстерине таасирин тийгизет. Ошол себептен уйку жети сааттан кем болбошу керектигин айткан.

Дерматолог ошондой эле жатарда суусундукту көп ичпөөнү эскерткен.