Спорт

Кыргыз-казак эли биргеликте спорттун улуттук түрлөрүн, элдик оюндарды өнүктүрөт

Кыргызстан менен Казакстан биргеликте улуттук спорттун түрлөрүн жана элдик оюндарды өнүктүрөт. Буга байланышкан макулдашууга президент Садыр Жапаровдун Казакстанга болгон мамлекеттик иш сапарынын алкагында кол коюлганын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Президенттин мамлекеттик иш сапарынын алкагында биринчи жолу Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Казакстандын Маданият жана спорт министрлигинин ортосунда улуттук спорттун түрлөрүн жана элдик оюндарды өнүктүрүү жөнүндө макулдашты.

Кыргыз тараптан документке министр Кайрат Иманалиев кол койду.

Макулдашуу эки өлкөнүн тиешелүү министрликтеринин ортосундагы спорттун улуттук түрлөрүн жана элдик оюндарын өнүктүрүүдө кызматташууну бекемдөө максатында иштелип чыккан. Ага ылайык, эки өлкөнүн министрликтери төмөнкүлөр жөнүндө макулдашышты:

улуттук спорттун түрлөрү боюнча эл аралык мелдештерди өткөрүү, ошондой эле Кыргызстандын жана Казакстандын улуттук спорттун түрлөрүн эл аралык аренага жайылтууда бири-биринин демилгелерин колдоо;

спорттун улуттук түрлөрү боюнча федерациялар менен ассоциациялардын ортосундагы кызматташтыкты орнотууга, спорттогу эл аралык федерациялардын жана ассоциациялардын иш-аракеттеринин алкагында алардын өз ара аракеттенишине көмөктөшүү;

улуттук спорттун түрлөрүнүн стандарттарын жана эрежелерин өркүндөтүү боюнча биргелешкен аракеттерди колдоо;

спорттук машыктыруучуларды жана спортчуларды даярдоодо, ошондой эле Кыргызстан жана Казакстандын улуттук спортунун түрлөрү жана элдик оюндары жаатында адистердин тажрыйба алмашуусуна көмөктөшүү;

Кыргызстан жана Казакстандын турмушундагы маанилүү даталарга жана окуяларга арналган спорттук иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча биргелешкен иш-чараларды кубаттоо.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button