Жугуштуу ооруларга каршы эмдөө карылыкты токтотууга жардам берерин окумуштуулар айтышты

1375

Жугуштуу ооруларга каршы эмдөөлөр табигый карылык процессин жайлатышы мүмкүн. Бул тууралуу РИА Новости РФтин Саламаттык сактоо министрлигинин башкы гериатры Ольга Ткачевага таянып жазды.

“Эмдөө кээ бир жугуштуу ооруларды гана алдын албай карылыктын ылдамдыгына да таасирин тийгизет. Вакцина системалык сезгенүү синдромун азайтып, карылык процессин жайлата алат”, — деген Ткачева.

Ал адамда системалык сезгенүү канчалык көп болсо, ошончолук тез карый турганын айткан.