Аткезчилик жол менен ташылып келе жаткан лимон жана бадыраң кармалды – Чек ара кызматы

Чек арачылар баасы 1,7 млн сомдон ашык аткезчилик менен ташылып келе жаткан лимон жана бадыраңды кармашты. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМКлар менен байланыш бөлумү билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери УКМКнын жана КР Мамлекеттик салык кызматынын (МСК) кызматкерлери менен биргеликте аткезчилик менен ташылып келе жаткан жүккө бөгөт коюшту.

Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Сай жергесинде чек арачылар 1990-жылы туулган КР жараны Э.у.Ж. башкарып бара жаткан Мерседес-Бенц Спринтер унаасын кармашып токтотушкан, ал өткөрүу пунктунан тышкары Тажикстандан Кыргызстанга жалпы салмагы 3 тоннаны түзгөн аткезчилик жүк алып өтүүгө аракет кылган.

Баткен облусунун Баткен районунун Чоң-Талаа жергесинде кызмат өтөө учурунда чек арачылар, УКМК жана МСК кызматкерлери Мерседес-Бенц Спринтер үлгүсүндөгү 4 унааны башкарып бара жатышкан КР жарандары 1961-жылы туулган А.К., 1981-жылы туулган М.Н., 1981-жылы туулган Г.П., 1975-жылы туулган М.К.ны кармашкан.

Унааларды тинтүүдө жалпы салмагы 11 тоннаны түзгөн лимон жана бадыраң табылган.

Жүк сатуу үчүн Тажикстандан Кыргызстандын аймагына багытталганы аныкталган.

Эки учурда тең кармалгандарда жүккө тиешелүү документтери жок болгон.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, кармалган жүктүн жалпы наркы 1 млн 717 мин сомду түзөт.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалгандар жана жүк андан ары териштирүү үчүн компетенттүү орган кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.