Коронавирус. Акыркы суткада 23 кишиден аныкталып, эки бейтап көз жумду

Өткөн суткада коронавирус 23 кишиден табылып, 31 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 16;
  • Чүй облусу – 1;
  • Ысык-Көл облусу – 5;
  • Жалал-Абад облусу – 1.

Ушуну менен коронавирус жалпы 86 606 бейтаптан аныкталды.

Тилекке каршы, кечээтен бери Бишкекте эки бейтап көз жумду. Аларды эсепке алганда 1 475 киши коронавирустун курмандыгы болду.

Азыркы учурда 330 кишинин ооруканаларда дарыланып жатканы айтылды. Анын ичинен 82си оор абалда болсо, 14 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланды. 256 адам үй шартында дарыланууда. Бир сутка ичинде медиктер арасында коронавирус жуктурган учур катталган эмес.