ВИДЕО: Москвада кыргызстандык метродо рельске кулаган адамды куткарды

Москвада кыргызстандык Сыймыкбек Алмазбек уулу метродо рельске кулап кеткен адамды куткарды. Бул тууралуу режиссер Кенжебек Шайлообаев өзүнүн Facebook баракчасына жарыялады.

Анын айтымында, окуя 9-мартта Москва шаарында, Текстильщик метро станциясында болгон. Темир жолго кулап түшкөн адам мас абалда болгон. Сыймыкбек чечен улутундагы жигит менен кошо адамды сүйрөп алып чыгып кетти.

“Мындай өзгөчө кырдаалда Сыймык адамды өмүрүнө коркунуч туудуруп, сактап калды”, – деп жазган режиссер. – Эч кандай реакция кылбагандардын саны абдан көп болду. Бул үчүн чоң жүрөк керек.