Жапаров: Жерүйдөгү алтын комбинатын ишке киргизүү КР менен РФ ортосундагы мамилелердин өнүгүп жатканын күбөлөйт

“Алтын кен комбинатынын биргелешип ачылып жатканы Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы тыгыз өнөктөштүктү жана динамикалуу өнүгүп жаткан мамилелерди күбөлөп турат”, – деп баса белгиледи Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-мартта, Талас облусундагы Жерүй кениндеги Талас алтын комбинатын ишке киргизүү аземинде.

Мамлекет башчысынын белгилешинче, Россиянын катышуусу менен ишке ашып жаткан бул маанилүү инвестициялык долбоор Талас облусунун жана бүтүндөй Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнө чоң салым кошот.

Президент россиялык инвесторлордун аткарган иштеринин алкагында салыктык жана салыктык эмес төлөмдөр түрүндө дээрлик 1,5 миллиард сом бюджетке жана бюджеттен тышкаркы фонддорго которулганын, ал эми комбинат ишке киргенден кийин бюджетке которулган төлөмдөрдүн көлөмү көбөйөрүн кошумчалады.

Ошондой эле ал долбоорго жалпысынан 1000 кызматкер тартылганын, алардын 95 %дан көбүн Кыргыз Республикасынын жарандары түзөрүн белгиледи.