Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны көбөйүп, бир суткада 10 киши көз жумду

Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны акыркы учурларда көбөйүп бара жатат. Өткөн суткада COVID-19 илдети 1 264 кишиден аныкталып, буга чейин ооруп жаткан бейтаптардын арасынан 10у каза болду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Салыштыруу үчүн айта кетсек, 17-март күнү жуктургандардын саны 1 186 адам болчу. Бирок мурдагы күнү каза тапкандар бир адамга көбүрөөк болуп, 11 киши өмүрү менен кош айтышкан.

Жуктургандардын саны боюнча өткөн суткада алдыңкы орунда Нур-Султан (285 киши) менен Алматы (366 киши) шаарлары турду. Башка аймактарда илдет аныкталгандардын саны 100дөн төмөн.

Жон Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, коңшу өлкөдө вирус жугузуп алгандардын саны 279 миңден ашты.