Коом

Коронавирус. Жуктургандар Бишкекте көп аныкталып, адам өлүмү катталган жок

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 75 адамдан табылды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, аймактар боюнча аныкталгандар:

Бишкекте – 56,
Чүй облусунда – 12,
Ош шаарында – 2,
Нарын облусунда – 1,
Ысык-Көл облусунда – 3,
Жалал-Абад облусунда –1.

Ал эми бир сутка ичинде 51 адам коронавирустан айыгып чыккан. Сутка ичинде COVID-19 илдетинен каза болгон учур катталган жок.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 459 бейтап, амбулатордук түрдө 367 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 87 миң 537 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 84 миң 274 киши айыгып чыкса, 1 миң 490 адам каза болду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button