Коронавирус. 100 адам жуктуруп алганы аныкталып, адам өлүмү катталган жок

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 100 адамдан табылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин сайтында айтылат.

Маалыматка ылайык, аймактар боюнча жаңы катталгандар:

Бишкекте – 45,
Чүй облусунда – 46,
Ош облусунда – 2,
Ысык-Көл облусунда – 5,
Жалал-Абад облусунда – 1,
 Баткен облусунда – 1.

Ал эми бир сутка ичинде 62 адам коронавирустан айыгып чыккан. Сутка ичинде COVID-19 илдетинен каза болгон жарандар катталган жок.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 505 бейтап, амбулатордук түрдө 446 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 87 миң 858 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 84 миң 469 киши айыгып чыкса, 1 миң 494 адам каза болду.