Жалал-Абад шаарында эпидемиологиялык көзөмөл күчөтүлөт

Жалал-Абад шаарында эпидемиологиялык көзөмөл күчөтүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, соңку кездердеги коронавирус илдетин жуктуруп алгандардын саны көбөйгөнүн эске алуу менен бүгүн шаардык штабда бир катар чечимдер кабыл алынды.

Алар:

– мекеме-ишканалар, банктар, соода жайлары, базарлар беткап тагуу режимин кармап, аны көзөмөлгө алууга тийиш;

– бардык жайларда санитардык талаптар аткарылып, тийиштүү каражаттар менен камсыз болуусу керек;

– тойкана, кафе-ресторандар орундуктардын санын эсепке алып анын тең жарымына гана буюртма алуусу зарыл;

– шайлоодогу үгүт иштери ачык асман алдында өткөрүлүүсү шарт.

Ошондой эле мэрия ар бир жаранды санитардык нормаларды көз жаздымда калтырбай, саламаттыгына тыкыр маани берүүгө чакырат.