Кыргызстандын тышкы саясатынын артында ким турат?

Садыр Жапаровдун президенттик кызматы Россия, Казакстан, Өзбекстанга болгон бир катар тышкы саясий сапарлар менен башталды. Ар бир сапар бир катар маанилүү келишимдер менен аяктады, биринчи кезекте инвестиция жаатында.

26-январда Садыр Жапаров расмий түрдө Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына киришип, бир айдан кийин, 24-25-февраль күндөрү Россия Федерациясына биринчи чет элдик иш сапарын жасады.

Тышкы саясат жагынан алганда, октябрь окуясынан улам Кыргызстан өзүнүн позицияларынан кескин кол жууду. Ушул эле Россия биздин мамлекетке 100 миллион долларлык жеңилдетилген насыя берүүдөн баш тартты. Бул республиканын мамлекеттик бюджетине өтө терс таасирин тийгизди. Анткени ал акча буга чейин мамлекеттик казынанын киреше жана чыгаша бөлүгүнө киргизилген.

Россияга жасала турган визиттин алдында бир ай боюу  Дастан Дүйшекеевдин жетекчилиги менен Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмү тарабынан жасалган иштер канчалык деңгээлде аткарылгандыгы айкын көрүнүп турат. Ошол эле учурда Садыр Жапаровдун Россияга болгон  таанышуу  иш сапарында, айрымдар аны башкача атап да жиберишти,  олуттуу инвестициялык долбоорлордун пакети менен кетти. Эгерде октябрь айында Россиянын Президенти Владимир Путин биздин башыбызга мүшкүл түштү жана төңкөрүштөр болуп жатат деп жарыялаган болсо, Садыр Жапаров менен болгон жолугушууда Кыргыз Республикасы менен артыкчылыктуу, союздук мамилелер жөнүндө сүйлөштү.

Россияга болгон иш сапардын жыйынтыгында Жерүй кенинин рудасынан алтын казып ала турган Талас руда комбинаты ачылды. Кен иштетиле баштаганда, Кыргызстандын бюджетине жыл сайын салык жана башка чегерүүлөрдөн 4 миллиард сомго чейин акча түшөт деп пландалууда.

Жалпысынан экономикалык компонент жана тышкы саясий сапарлардын натыйжалуулугу Дастан Дюшекеевдин жаңы чөйрөдөгү ишинин маанилүү көрсөткүчү болуп калды. Казакстанда дагы маанилүү макулдашууларга жетишилди – аба каттамдарын көбөйтүү, транзит жана логистикалык борборлорду ачуу. Бул аракеттер товар жүгүртүүнү көбөйтүүгө багытталат.

Ташкент шаарында 127,6 миллион долларга инвестиция жана соода келишимдери түзүлгөн кыргыз-өзбек бизнес форумундагы келишимдер да оозго алаарлык жыйынтык болду. Андан сырткары өнөр жай кооперациясы жаатында өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү жана тереңдетүү максатында 550,4 миллион долларга 60 долбоорду ишке ашырууну караган Жол картасына кол коюлду.

Мындан тышкары, эки президенттин сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында 200 миллион долларлык капиталы менен жарыяланган Кыргыз-Өзбек инвестициялык фонду түзүлөт. “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушу тездетилет, эл аралык мультимодалдык “Ташкент-Андижан-Ош-Иркештам-Кашкар” каттамын пайдалануу күчөтүлөт.

Бүгүнкү күндө Президенттин Администрациясынын Тышкы саясат бөлүмү кезектеги сапарларды – Дүйшөмбүгө, Бээжинге, Анкарага даярдоодо. Эгерде Дастан Дюшеев президенттин иш сапарларынын инвестициялык бөлүгүн сактап калса, анда биздин өлкө анын өнүгүшү үчүн олуттуу колдоо ала алат.

Азыркы тапта Кыргызстандын өнүгүүсү үчун бийлик тараптан баардык аракеттер жүрүп жатат, ички жана тышкы саясатты жөнгө салып, келечекте өнүккөн жана гүлдөгөн Кыргызстанды курабыз деген ишеним чоң. Ал үчүн көпөгөн аракеттер жана иштер, чыдамкайлуулук, сабырдуулук талап кылынат. Элибиздин жаркын жашоосу үчүн келечекке ишенимдүү кадам таштап, бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгара турган мезгил жетти.

Абдылдабек КАПАРОВ