Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын ардагерлер Кеӊеши оор жоготууга учурады

66 жаш курагында Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын ардагерлер Кенешинин төрагасы, отставкадагы милициянын полковниги Боркошов Токтосун Толубаевич мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Токтосун Толубаевич өмүрүнүн көпчүлүк бөлүгүн кылмышуулук менен күрөшүүгө коомдук коопуздукту сактоого арнады.1981-жылдан-2006-жылдар аралыгында ички иштер органдарында талыкпай кызмат өтөдү.

Ошол кездеги коммунисттик партиянын жолдомосу менен ички иштер органдарынын катарына кызматка алынган.

 1981-жылы Кара-Суу райондук аткаруу комитетинин ички иштер бөлүмүнүн социалдык менчиктеги уурулук менен күрөшүү бөлүмчөсүнүн начальниги

1985-жылдан 1989-жылга чейин Сузак райондук аткаруу комитетинин ички иштер бөлүмүнүн социалдык менчиктеги уурулук менен күрөшүү бөлүмчөсүнүн ыйгарым укуктуу оперкызматкери.

1989-жылы Ош облустук аткаруу комитетинин ички иштер башкармалыгынын социалдык менчиктеги уурулук менен күрөшүү бөлүмүнүн  2-бөлүмчөсүнүн ыйгарым укуктуу оперкызматкери.

1989-жылдан 1991-жылга чейин Ош облустук аткаруу комитетинин ИИБдин социалдык менчиктеги уурулук менен күрөшүү бөлүмүнүн 2-бөлүмчөсүнүн өзгөчө маанилүү иштер боюнча ыйгарым укуктуу оперкызматкери.

1991-жылдары Ош ОИИБдин экономикалык кылмыштар менен күрөшүү бөлүмүнүн айыл-чарба тармагындагы кылмыштар менен күрөшүү бөлүмчөсүнүн начальниги.

1991-жылдан 1992-жылга чейин Ош ОИИБдин экономикалык кылмыштар менен күрөшүү бөлүмүнүн 3-бөлүмчөсүнүн (айыл-чарба, тамак-аш, транспорттук жана финансы-кредиттик өнөр-жай объектилериндеги кылмыштар менен күрөшүү боюнча) начальниги.

1992-жылдан 1993-жылга чейин Ош ОИИБдин экономикалык кылмыштар менен күрөшүү бөлүмүнүн 2-бөлүмчөсүнүн (айыл-чарба, ишкердик, соода-сатык тармагындагы  кылмыштар менен күрөшүү боюнча) начальниги.

1993жылдан 1994-жылга чейин Ош ОИИБдин экономикалык кылмыштар менен күрөшүү бөлүмүнүн 1-бөлүмчөсүнүн өзгөчө маанилүү иштер боюнча ыйгарым укуктуу оперкызматкери.

1994-жылдан 2003-жылга чейин Ош ОИИБдин финансы-чарбалык бөлүмүнүн начальниги

2003-жылы Ош ОИИБдин материалдык жана оруктук камсыздоо бөлүмүнүн начальнигинин милдетин аткаруучу

2003-жылдан 2006-жылга чейин Ош ОИИБдин материалдык жана оруктук камсыздоо бөлүмүнүн начальниги

2006-жылдан 2017-жылга чейин ИИОнын катарынан бошотулду (жаш курагы боюнча )

2017-жылдан 2021-жылдын 3-прелине чейин Ош ОИИБдин кадрлар бөлүмүнүн улук инспектору, ал эле ардагерлер кеңешинин төрагасы.

Боркошов Токтосун Толубаевич жетектеген жылдарда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин сынактарында Ош ОИИБдин ардагерлер кеӊеши алдыӊкы орундарды багындырып келди.

Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги,өздүк курмамы жана Ардагерлер Кеӊеши Боркошов Токтосун Толубаевичтин жакындарына тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтат.

Ош ОИИБдин басма сөз кызматы