Өкмөт үйүнүн алдында шаардагы мыйзамсыз курулуштарга каршы митинг өтүп жатат

Өкмөт үйүнүн алдында шаардагы мыйзамсыз курулуштарга каршы митинг өтүп жатат.

Нааразычылык акциясына келген жарандар: «Коррупцияга жол жок!», «Биз мыйзамсыз курулушка каршыбыз», «Мэрия карапайым элди укпайт» деген плакаттарды көтөрүп алышкан.

«Биздин укук» коомдук фонддун өкүлү Светлана Антропова борбор калаанын жашоочулары мыйзамсыз курулуштардан тажашканын айтат.

«Курулуш компаниялары балдар аянтчаларына да жетти. Мисалы, 7-кичи райондун тургундары митингге чыгышты, ал жакта жалпы пайдалануудагы жерлер боюнча көйгөй бар. Алар биздин фондго кайрылышты, биз аларга укуктук баа берүү үчүн прокуратурага кат жөнөтүүгө жардам бердик. Прокуратура тарабынан чындыгында эле мыйзам бузуулар аныкталды. Көптөгөн объектилерде кылмыш иштери козголду. Элдер мыйзамсыздыктардан тажашты, анткени алар балдар жана спорт аянтчаларын тартып алып жатышат. Шаар үзгүлтүксүз курулуш аянтына айланды. Эгер аларга участок жаккан болсо, каттатып алып жатышат. Муну Бишкек шаардык архитектура мэрия менен биргеликте жасап жатат»,— деди ал.

Чогулгандар өкмөттүн өкүлүн күтүп жатышат.