Коом
Коронавирус 6 кишинин өмүрүн алды, ооруну дагы 145 адам жуктурду
Кыргызстанда бир сутка ичинде 145 кишиден оору чыгып, 103 бейтап дартты жеңди. Тилекке каршы, алты адам көз жумганын Республикалык штаб кабарлады.
Ооругандар:
- Бишкек — 107;
- Ош — 2;
- Чүй облусу — 25;
- Ош облусу — 1;
- Нарын облусу — 2;
- Ысык-Көл облусу — 5;
- Жалал-Абад облусу — 3.
Пандемиядан бери Кыргызстанда оору 90 372 адамда аныкталды.
Тилекке каршы, COVID-19дан Бишкектен үч, Чүйдөн эки жана Ысык-Көлдөн бир киши көз жумду. Ушуну менен жугуштуу оорудан көз жумгандар 1 528ге жетти.
Учурда стационарда 983 бейтап дарыланууда. Анын ичинен 18 адамдын абалы канааттандырарлык, 619у орточо, 203ү оор жана 28и өтө оор абалда. Амбулатордук дарыланууда 868 бейтап бар.