Мектеп бүтүрүүчүлөрү аттестат менен бирге кошумча кесип алышат

Кесиптик лицейлердин базасында өндүрүштүк окутууну өздөштүрүү менен бирге жогорку окуу жайлардын мектеп менен байланышын арттырып профилдик окутууну күчөтүүнүн эсебинен мектептен эле кесиптик көндүмдөргө ээ болуу мүмкүнчүлүгүн ишке ашыруу министрликтин үч жылдык программасына кирди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри бүгүн үч жылдык программасы менен тааныштыруу учурунда билдирди.

Башкача айтканда, мектеп бүтүрүүчүлөрү аттестат менен бирге бир кошумча кесип алып чыгышат. Ал үчүн жогорку окуу жайлар менен мектептердин байланышын чыңдоо зарыл. Акыркы класстардын окуучуларын жогорку окуу жайлар өздөрү шефтикке алып, мектептен эле университетке даярдоо маселесин карап жатабыз. Мунун жакшы мисалы катары Кыргыз-Орус Славян университети менен №12 мектеп-гимназиясынын мамилесин үлгү катары айтууга болот, — дейт министр Алмазбек Бейшеналиев.

Министрликте ушул жылдын үчүнчү кварталында кесиптик билим берүү программаларына World Skills принциптерин жана стандарттарын киргизүү боюнча концепциянын долбоорун иштеп чыгуу жана аны бекитүү милдети да турат.

Дүйнөдө эмгек рыногу, талаптар өзгөрдү. Биздин канча жылдан бери эмгек рыногуна жараша бүтүрүүчүлөрдү чыгарбай келе жатканыбыз эң чоң көйгөй. Андыктан учурда рыноктун талабына жараша кесип ээлерин даярдоо иштери башталды. Мындан ары жогорку, орто кесиптик окуу жайларга кабыл алуу планы кадрларга болгон керектөөлөргө ылайык жүргүзүлөт. Буюрса, бул жагынан дагы бир топ иштер аткарылат, — дейт министр.