Эркин күрөш боюнча кыргыз балбандары Азия чемпионатында 4 медаль багындырышты

Эркин күрөш боюнча Кыргызстандын курама командасынын спортчулары Казакстандагы Азия чемпионатында 4 медаль багындырышты. Бул тууралуу Бириккен дүйнө күрөшүнүн сайтында жазылат.

Чемпионат 13-18-апрелде Алматы шаарында өттү.

Төмөнкү кыргызстандык балбандар медалдарга ээ болушту:

– 2-орун — Айаал Лазарев (125 кг);
– 3-орун — Икрам Хаджимурадов (61 кг);
– 3-орун — Исламбек Орозбеков (70 кг);
– 3-орун — Саякбай Усупов (79 кг).