Кыргызстандык эки боксчу Екатеринбургдагы мелдештин жеңүүчүсү болду

Кыргызстандык Акжол Сулайманбек уулу жана Абдурахман Абдурахманов Екатеринбургдагы бокс боюнча RCC Boxing Promotions мелдешинин жеңүүчүсү болду. Бул тууралуу аталган мелдештин сайтында жазылат.

Акжол Сулайманбек уулу россиялык Никита Кузнецов менен беттешти. Башында Кузнецов өзүнүн активдүүлүгүн көрсөтө баштаган, бирок көпкө жетпей алсыздап калды. Жетинчи раундан кийин россиялык боксчунун бурчу Кузнецов беттешүүгө чыкпай турганын билдирген.

Ал эми Абдурахман Абдурахманов камерундук мушкер Герин Сох Фонку менен бокс талаасына чыкты. Кыргызстандык спортчу бутунун техникасы менен өзүнүн күчтүүлүгүн көрсөтө алды. Жыйынтыгында бир добуштан Абдурахманов Герин Сох Фонкуну жеңип алды.