Окуялар

Кара-Суу районунун аймагында кароосуз жүргөн жашы жете элек 72 өспүрүм аныкталды

Кара-Суу районунун аймагында 2021-жылдын 14-апрелинен 16-апрелине чейин “Селсаяк” аталышындагы күндүзгү жана түнкү рейдке Кара-Суу РИИБдин жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын инпекторлору жана милициянын участкалык уполномоченныйлары катышты.

Кара-Суу районунун аймагында “Селсаяк” аталышындагы алдын алуу иш-чаранын жүрүшүндө райондун аймагында коомдук жайларда, кафе-ресторандарда, автоунаа жуучу жайларда, компьютердик клубдарда, сейил бактарда селсаяктык жана кароосуз жарандарды аныктоо максатында иш-чара өткөрүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө Кара-Суу шаарынын жана райондун аймактарында 72 жашы жете электер аныкталып,  аларга кароосуз, ата-энесиз  кечки убакта көчөдө жүрбөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Рейддин жүрүшүндө билим берүү мекемелеринде окуучулар арасында жана ата-энелери менен биргеликте укук бузуучулуктун, кылмыштуулуктун, зордук-зомбулуктун, жол кыймылынын эрежелерин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

   Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button