Коом
Ташиевдин Өзгөндөгү эл менен жолугушуусуна чагым уюштургандар белгилүү болду

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 25-апрелде Өзгөн районунун эли менен жолугушуу өткөрдү. Жыйынга атайын даярдалган чагымчыл күчтөр келгенин жергиликтүү тургундар айтышты. Алардын бири, Карамат Абдымомунова “Азаттык” радиосунун түз эфири убагында мындай деп билдирген.
“Ташиев келгенге чейин эле чагымчылдарды даярдашты. Ошончо жалган сөздөрдү даярдашты. Муну бийликке жетпей калгандар, коррупционерлер уюштурду. Карапайым эл ишене берет экен да. Бүгүн көрдүӊөр, Ташиев келип сүйлөгөнгө чейин эле канча ызылдап кыйкырышты? Сөзүнүн аягына чыга электе эле кыйкырып, провокация кылышты”,-дейт ал.



