Олимпиада: КР командасын Токиого жөнөтүү маршруту иштелип жатат

Жайкы Олимпиада оюндарына бара турчу курама команданы Токиого жөнөтүү маршруту иштелип жатат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы кабарлады.

Улуттук Олимпиада комитетинин башкы катчысы Саламат Эргешовдун айтымында, оюнда жолдомо алган спортчулар жана алардын машыктыруучулары чекесинен каттоодон өтүп жатат.

“Оюн 23-июлдан 8-августка чейин өтөт. Бардыгы күчүндө, даярданып жатабыз. Учурда Токиого баруу маршруту иштелип жатат. Түз каттам менен кетирүү да каралууда. Бирок бардык авиакомпаниялар менен транзиттик шаарлар буга ачык эмес. Ошондуктан эң ыңгайлуу жолун тандоо кыйын болууда”, — деди Эргешов.

Ал эми УОКтун вице-президенти Канат Аманкулов оюн алдында Токиого барып командаларды машыктыруу аракети көрүлүп жатканын кошумчалаган.

Мелдеш 2021-жылдын 23-июлунан 8-августуна чейин өтөрү пландалган. Япониянын борборунда жай айында өтүүчү оюндар чет элдик көрөрмансыз өтөт. Ага 200дөн ашуун мамлекеттин спортчулары катышары күтүлүп жатат. Өлкө куржунунда азыр 12 лицензия бар.