Кыргызстанда 18,4 миңден ашык адам эмдөөдөн өттү

Кыргызстанда акыркы бир суткада 1 миң 819 адам вакцина алса, алардын ичинен 71ине вакцинанын 2-дозасы сайылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, өлкө аймагында жалпы 18 миң 474 адам эмдөөдөн өттү, алардын ичинен 460 адам 2-дозаны алган.
Аймактар боюнча алганда:
— Бишкекте – 2406 адам вакцина алды;
— Ош шаарында – 1827;
— Чүй облусунда – 2274;
— Ош облусунда – 4684;
— Ысык-Көл облусунда – 1 533;
— Талас облусунда – 747;
— Нарын облусунда 788;
— Жалал-Абад облусунда – 3142;
— Баткен облусунда – 1073.
Эскерте кетсек, 29-мартта Республикалык иммунопрофилактика борбору Кытай өлкөсү тарабынан берилген коронавируска каршы “Синофарм” вакцинасынын 150 миң дозасын алган.
Ал эми 22-апрелде Россиядан “Спутник V” вакцинасынын 20 миң дозасы алынып келинген.
Эмдөө 25-28 күн аралыкты камтуу менен эки ирет жүргүзүлөт. Вакцинаны алгандан кийин терс учурлар каттала элек.



