ДүйнөОкуялар

Казакстанда үч айда 800дөн ашык киши жанын кыйды, көбү эркектер

Казакстанда быйылкы жылдын баштапкы үч айында 834 киши өз жанын кайды. Алардын 80 пайызга жакыны, тагыраагы, 659у эркектер. Бул тууралуу Укуктун статистика боюнча комитеттин отчетуна таянып Sputnik Казакстан жазды.

Өз өмүрүнө кол салган эркектердин орточо жашы 35тен 44кө чейин.

«800дөн ашык кишинин ичинен 625и акыл-эси ордунда, соо туруп эле ушундай кадамга барган. Изилдөөлөргө караганда, бул адамдарга өз жанын кыюуга жалгыздык, материалдык оор абал, жакынынан ажыроо, үйдөгү чыр-чатак, жакындарынын алдында кадыр-баркынын түшүп калышы, жазадан жана уят болуп калуудан коркуу сыяктуу факторлор себеп болот», — деп айтылат кабарда.
Былтыркы жылдын үч айында 749 киши өз жанын кыйган. Алардын басымдуу бөлүгү дагы эркектер болчу

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button