Коом

Тажик аскерлери Арка жергесинде кыргыздардын үйлөрүн аткылай баштады – Чек ара кызматы

Тажикстандын аскер кызматкерлери Баткен облусунун Лейлек районундагы Арка жергесинде кыргызстандыктардын турак үйлөрүн аткылай баштады. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, 2021-жылы 1-май саат 12:45ке карата кыргыз-тажик чек арасындагы абал курч.

“Лейлек районунун Арка айылында тажик аскерлери Кыргызстандын жарандарынын турак үйлөрүнө ок ата башташты. Буга чейин айылдын жашоочулары көчүрүлгөн. КР УКМКнын Чек ара кызматынын чек арачылары коргонуу позициясына өтүштү”, — деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button