Баткендеги жаңжалдан 120 үй, 27 май куюучу жай жабыркаган. Акыркы маалыматтар

Бишкектеги маалымат жыйында өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан жабыркаган объектилер боюнча айтты.

Анын айтымында, облуста 120 турак үй жана 84 объект талкаланган.

“Баткен аймагында жалпы 2 мектеп, 1 ФАП, 1 бала бакча, 1 ИИМ имараты, 4 чек ара тозоту, 1 медициналык борбор, 1 тиш оңдоочу бөлүм, 2 дарыкана, 1 өрт өчүрүүчү бөлүм, 27 май куюучу жай, 34 соода түйүнү, 5 ашкана жана 3 тойкана күйгөн жана жабыркаган. Учурда чыгымдарды аныктоо боюнча комиссия ишин улантууда”, – дейт ал.

Шамырканов ӨКМден аталган ишке 214 кызматер жана 16 атайын техника тартылганын маалымдайт.

Эскерте кетсек, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган. Ага кыргызстандыктар каршы чыгышкан, көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

Акыркы маалыматтарга караганда, кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан жалпы 189 адам жабыркап, алардын 36сы набыт болгон.

1-майда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстандын УКМК башчысы Саймумин Ятимов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, 4 пункттан турган протокол кабыл алынганын айткан. Ошол эле күнү Тажикстанда барымтада турган Лейлек районунун Интернационал айылынын башчысы жана 9 жергиликтүү тургун кайтарылган.

Бүгүн, 4-майга карата Баткен облусунун бардык райондорунда жана айылдарында, мамлекеттик чек арасынын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал туруктуу. Тараптар мамлекеттик чек ара тилкесинен аскер техникаларын чыгарып кетүү иштерин аякташты.

Баткен районунун Орто-Боз айылында Коргоо министрлигинин саперлор тобу буга чейин жарылбай калган снаряддарды зыянсыздандыруу иштерин жүргүзүүдө. Буга байланыштуу министрлик чек ара аймактарында жашаган кыргызстандыктардан жарылуунун үнүн укканда дүрбөлөңгө түшпөөнү суранат.