“Дилгир” коомдук уюму – волейболду жана спортту сүйүүчү айымдарга дем берет

Кечээ, 16-майда Бишкек шаарындагы  Билимкана спорт аренасында Дилгир волейболду сүйүүчү айымдардын турниринин расмий ачылуу аземи болуп өттү.

“Дилгир” спорт коомдук уюму бул –  аялдардын спорттук кыймылы, алдыга койгон чоң максаты, Кыргызстандын келечегине,  анын ичинде аялдар менен алардын балдарынын келечегине, ден соолугуна эбегейсиз кам көрүү болуп эсептелет.

Спорттун ден-соолукка гана эмес, акыл-эске  да тийгизген оң таасирин эске алып, спортту сүйгөн 35 жаштан улуу аялдардын лигасы мындан 3 жыл мурда негизделген. Учурда “Дилгир” волейболду сүйүүчү кыз-келиндер лигасында мындан башка да көптөгөн командалар өлкөнүн  баардык бурчунан ойнойт. Көпчүлүгү алыскы аймактарда жашаган айымдар. Соңку 3 жылдан бери республикалык масштабдагы бир нече турнирлерди өткөрүп келе жатат.

«Биздин негизги максатыбыз  аялдардын арасында массалык спортту, сергек жашоону өнүктүрүү  жана биздин өлкөгө кеңири жайылтуу болуп саналат» – деди “Дилгир” лигасынын негиздөөчүсү Элиза Асилбек айым.

“Дилгир” лигасы мындан ары ай сайын Бишкекте өткөрүлмөкчү,  буга айымдар команда түзүп катышса болот. Негизи буга үч категорияда: 35 жашка чейинки жаштар, 35 жаштан жогорку жана 45 жаштан өйдөкү  айымдар катыша  алышат. Жыйынтыктоочу  финал жылдын аягында өтөт жана командалардын чемпиону аныкталат, – деп айтылат маалыматта.