Коом
Мэрия менен гараж кооперативи чырдашып жаткан жерге Улуттук бокс федерациясынын спорт комплекси салынат

Муниципалдык жер федерацияга 2028-жылдын 16-февралына чейин берилгенин калаа бийлигинен маалымдашты.
Ошондой эле мэрия чырга айланган демонтаждоо иштери боюнча катты мурун эле жөнөткөнүн билдирди. Бүгүн гараж кооперативинин ээлери менен демонтаждоого келген мэриянын кызматкерлеринин ортосунда чыр чыккан.
Учурда мэрия 10 гаражды алды, айрымдарын ээлери тазалоодо.



