Коом

УКМК шаардык кеңештин «Ата-Журт — Кыргызстан» фракциясынын депутатын кармады

КР УКМК массалык баш аламандыктарды уюштурууга жана бийликти күч менен басып алууга чакырык жасаган шаардык кеңештин «Ата -Журт Кыргызстан» фракциясынын депутатын кармады

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында КР Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүгү («Массалык баш аламандык») менен козголгон кылмыш ишинин алкагында Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаардык кеңешинин «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын депутаты Н.Ж.К. кармалып, ал   «Facebook» социалдык тармагынын активдүү колдонуучусу катары мезгил-мезгили менен тенденциялуу жана чагымчыл материалдарды, анын ичинде массалык баш аламандыктарды уюштурууга жана андан соң бийликти күч менен кулатууга/ басып алууга чакырыктарды жарыялаган.

Кармалган жаран КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button