Коом
Баш ооруга айланган онлайн-кредит. Бекешев Улуттук банкты күнөөлөдү

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев жарандар эл өкүлдөрүнө онлайн-кредит маселеси менен дагы да кайрылып жатышканын айтты.
Ал Улуттук банкка бул боюнча кайрылган.
«Мен онлайн-кредитти каттоо жана берүүдөгү убакыт аралыгын жок дегенде 5 саат кылууну сунуштадым. Же банктын кардары өзү онлайн-кредит алууга чектөө кое ала тургандай кылышы керек. Бул маселени Улуттук банк качан чечет? Адамдар дагы да кайрылып жатышат, кечээ да, мурдагы күнү да мындай нерселер болуптур», — деди депутат.
Бекешев Улуттук банк банктарга акча иштеп алууга ушинтип мүмкүнчүлүк берип жатат деп эсептейт. Бул бизнести өркүндөтүүгө болгон амал, а карапайым адам өзүнүн көйгөйү менен өзү калат дейт депутат.



