Коом

Ысык-Көл милициясы Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата 100 көчөт отургузду

2022 — жылы Кыргыз Республикасынын Президенти С. Жапаровдун демилгеси менен башталган «Жашыл мурас» Улуттук кампаниясынын алкагында жана мамлекетибиздин тарыхында маанилүү окуялардын бири болуп эсептелген — Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын майрамдоонун алдында, Ысык-Көл облустук Ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлери, айлана-чөйрөнү коргоого жана аймактын экологиялык абалын жакшыртууга болгон берилгендигин көрсөтүштү.

Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн улуу мааракесинин алдында, аталган түзүмдүн кызматкерлери масштабдуу экологиялык акция өткөрүү боюнча демилгени колго алышып, анын алкагында Ак-Суу районунун «Көк-Байпак» тилкесинде ийне жалбырактуу 100 көчөт отургузушту. Мындай кадам аймакты жашылдандырууга жана анын биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоого активдүү катышууга багытталган.

Бул акция аймактын жаратылыш чөйрөсүн көрктөндүрүү гана эмес, экологиялык көйгөйлөрдү чечүүдө милиция менен коомдун кызматташтыгынын маанилүүлүгүн да эске салат. Бүгүнкү күндө, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу үчүн биргелешкен аракеттерди бириктирүү, болуп көрбөгөндөй зарыл.

«Биздин бүгүнкү өткөргөн иш-чарабыз, келечек муундарга жана табиятыбызга болгон милдетибиз катары көрөбүз. Ошондой эле, биздин милициянын тарыхына жана маанисине болгон сый — урматыбызды көрсөткөн символикалык аракетибиз», — деп белгиледи Ысык-Көл ОИИБдин милициянын кайгуул-күзөт кызматынын өзүнчө ротасынын командири Бакыт Абакиров.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button