Коом

Майрам алдында коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча бир катар алдын алуу иш-чаралары өткөрүлөт

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгын белгилөө боюнча салтанаттуу иш-чаралар учурунда коомдук коопсуздукту жана жол коопсуздугун камсыздоо боюнча ИИМдин тийиштүү кызматтары тарабынан бир катар алдын алуу иштери жүргүзүлөөрүн билдиребиз. Ошондой эле Бишкек шаарынын кээ бир көчөлөрүндө автоунаалардын кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет.

Алсак, 2024-жылдын 26-28-август күндөрү республика аймагында “Укук тартип” аталышындагы комплекстүү алдын алуу ыкчам иш-чарасы өткөрүлөт. Бул иш-чаранын алкагында “Арсенал”, “Нелегал”, “Селсаяк” аталышындагы алдын алуу рейддери да өткөрүлмөкчү.
31-август — Эгемендүүлүк күнүн майрамдоодо коомдук тартипти жана жол коопсуздугун камсыздоого республика боюнча ички иштер органдарынын 15 миңден ашык кызматкери тартылат.
Бишкек шаарында өтө турган Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгына жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракесине арналган майрамдык иш-чараларда ИИМдин 5 миңден ашык кызматкери тартылат.

30-август күнү майрамдык даярдыктарга байланыштуу Бишкек шаарынын Чынгыз Айтматов проспектинде автоунаалардын кыймылына маал- маалы менен убактылуу чектөөлөр коюлат.

Ал эми, 31-август күнү Бишкек шаарынын Жибек-Жолу проспектисинин, Жусуп Абдрахманов, Киев көчөлөрүнүн жана Манас проспектисинин айрым бөлүктөрдө автоунаанын кыймылына маал-маалы менен убактылуу чектөөлөр коюлат.

Жогоруда айтылгандай, ИИМ тарабынан көрүлүп жаткан чараларды Бишкек шаарынын тургундары жана коноктору туура түшүнүү менен кабыл алат деген ойдобуз.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button