Коом

МАИ кызматкерлери толгоосу келген келинди төрөт үйүнө жеткиришти

Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери төрөт үйүнө жеткирген келин көз жарды. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Кечээ, 28-декабрда түнкү саат 02:20 чамаларында Бишкек шаарынын Жусуп Абдрахманов менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде Бишкек шаарынын тургуну Илим аттуу жаран кайрылган, башкармалыктын кызматкерлери келинди дароо Бишкек шаардык №4 төрөт үйүнө жеткиришкен.

Кайгуул кызматына ыраазычылыгын билдирген тургун, жубайы көз жарганын, уулдуу болгонун айтты.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button