Окуялар

Бишкекте жашы жете элек кызын сабаган деген шек менен жаран кармалды

Бишкектин Ленин районунда жашы жете элек кызга дене жаракаттарын келтирүү фактысы боюнча териштирүү иши башталды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгы маалымдады.

Маалыматка ылайык, милицияга Т.Б. аттуу жаран жазуу жүзүндө арыз менен кайрылып, мурдагы жолдошу алардын 2009-жылы туулган кызына дене жаракаттарын келтиргенин билдирген. Арыз ээсинин айтымында, окуядан кийин өспүрүм атасынын үйүнөн чыгып кеткен.

Аталган факт Ленин райондук ИИБдин автоматташтырылган маалыматтык тутумуна катталып, соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Учурда тергөө-иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Милиция кызматкерлери тарабынан жашы жете элек кыз табылып, апасына өткөрүлүп берилди. Ошондой эле шектүүнүн аракеттеринен административдик укук бузуу белгилери аныкталган. 1989-жылы туулган Т.А. аттуу жаран Ленин райондук ИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Учурда бул факты боюнча иликтөө иштери уланууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button