Коом

Бишкекте бир мектеп толугу менен карантинге жабылды. Окуучулар онлайн окуйт

Бишкекте № 67 орто мектеп карантинге жабылып, окуучулар аралыктан окууга өттү. Маалыматты Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен тастыкташты.

Буга чейин аталган мектепте билим алган окуучулардын ата-энелери мектеп 10 күнгө карантинге жабылганын айтып чыгышкан.

Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдиргендей, аталган билим берүү жайында коронавирус жуктурган үч учур катталган.

«Мектепте эки окуучу, бир мугалимден коронавирус аныкталды. Мындан улам балдарды эки жумага аралыктан окууга тараттык. Азырынча бул — онлайн-окууга чыккан жалгыз эле мектеп», — деди департамент өкүлдөрү.

Ата-энелер мектеп карантинге 8-октябрдан 18-октябрга чейин жабылганын кошумчалашты.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button