Өзгөчө коркунучтуу инфекцияларга каршы штабдык машыгуу өттү

Өзгөчө коркунучтуу инфекцияларга, анын ичинде хантавируска шектелген учурларга жооп кайтаруу боюнча өлкөдө штабдык машыгуу болуп өткөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.
Анын алкагында мекемелер аралык байланыш, шашылыш маалыматтарды жеткирүү жана кабарлоо алгоритмдери, ошондой эле өзгөчө кооптуу инфекция аныкталган учурда коомдук саламаттыкты сактоо кызматтарынын иш-аракеттери текшерилген.
«Медициналык мекемелердин бейтаптарды обочолонтууга жана ооруканага жаткырууга даярдыгына, байланышта болгон адамдар менен иш алып барууга, биологиялык коопсуздук чараларын сактоого, лабораториялык диагностикага, кызматкерлерди жеке коргонуу каражаттары менен камсыздоого жана калкты өз убагында маалымдоого өзгөчө көңүл бурулду», — деп маалыматта айтылат.
Бул иш-чарага жер-жерлердеги министрликке тиешелүү мекемелерден сырткары «Манас» аэропортунун санитардык-карантиндик пунктундагылар, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү да катышкан.
Министрлик буга чейин хантавирустун Кыргызстанга келүү кооптуулугу төмөн экенин билдирген.



