Дүйнө

Парижде 1613-жылы тартылган сүрөт табылды

Парижде сүрөтчү Питер Паул Рубенстин жүздөгөн жылдар бою жоголду деп, эсептеплип келген сүрөтү табылганын France Info маалымат агенттиги жазып чыкты.

Кеп 1613-жылы тартылган «Кресттеги Христос» картинасы жөнүндө болуп жатат. Өлчөмү 105,5х72,5 сантиметр болгон картина Париждин алтынчы округундагы үйлөрдүн биринен Osenat аукцион үйүнүн президенти Жан-Пьер Осенат тарабынан табылган. Ал картинаны 2024-жылдын сентябрь айында Париждеги үйдү инвентаризациялоо учурунда тапканын айткан.

Сүрөттүн аныктыгы техникалык экспертизалардан, рентген нурларынан жана башка анализдерден кийин такталган. Басылма 1613-жылы Рубенс тарткан сүрөт жеке коллекционерге арналса керек деп белгилейт.

Табылган сүрөт Фонтенблодо 30-ноябрда аукционго коюлат.

Тектеш кабарлар

Back to top button