Коом

7 киши көз жумуп, 272 киши вирус жугузуп алды. COVID статистикасы

Өткөн суткада Кыргызстанда 272 кишиден коронавирус табылып, 163 бейтап оорудан сакайып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Жуктургандар:

Бишкек шаары – 148;
Ош шаары – 6;
Чүй облусу – 86;
Ош облусу – 4;
Талас облусу – 2;
Нарын облусу – 3;
Ысык-Көл облусу – 18;
Жалал-Абад облусу – 4;
Баткен облусу – 1.
Айыккандар:

Бишкек шаары – 78;
Ош шаары – 3;
Чүй облусу – 52;
Ош облусу – 3;
Нарын облусу – 2;
Ысык-Көл облусу – 15;
Жалал-Абад облусу – 6;
Баткен облусу – 4.
Ушуну менен коронавирус аныкталгандардын саны 93 278ге жетти. Ал эми оорудан айыккандардын саны 87 717 болду.

Тилекке каршы, кечээтен бери коронавирус Бишкектен төрт, Чүй облусунан үч кишинин өмүрүн алды. Көз жумгандардын жалпы саны 1 573кө жетти.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button