Евразия өнүктүрүү банкы (ЕАӨБ) “Кант цемент” ишканасын каржылоо мүмкүнчүлүгүн карап жатат

“Кант цемент” ишканасын каржылоо боюнча Азия жана Тынч океан регионундагы өнүктүрүү институттарынын Асооциациясынын (ADFIAP) Алматада өтүп жаткан жыйынында ЕАӨБ башкармалыгынын башчысы Николай Подгузов билдирди.
Анын айтымында, банктын 2023-жылга эсептелген ири долбоорлорунун бири — Кант цемент заводун жаңылоо. Карала турган каражаттар цемент ишканасынын жабдыктарын жаңылоого жана өндүрүм көлөмүн көбөйтүүгө багытталат.
ЕАӨБ башкармалыгынын төрагасынын орун басары Денис Ильиндин айтымында, цемент ишканасынын өкүлдөрү банкка кайрылышкан жана колдоо тапкан.
“Кант цемент” ишканасынын өкүлдөрү инвестициялык программасы менен кайрылышты. Бул албетте каржылоо менен тыгыз байланыштуу эмеспи. Биз үчүн да жемиштүү долбоор. Бирок каржылоо маселесин жакынкы бир айда карап чыгып, так жооп беребиз” деди Ильин.
Николай Подгузовдун айтымында, ишкананы каржылоо 40 млн.доллардан ашат деп эсептелип жатат.





