Коом

ИИМ: Бишкек шаарында «Коомдук транспорт» аталышындагы эки айлык рейд өтүүдө

Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдирди.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин тапшырмасынын негизинде Бишкек шаары боюнча Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы «Коомдук транспорт» аталышындагы эки айлык рейдди баштады.

Иш-чаранын максаты-жол тыгындарын азайтуу жана жол-транспорт кырсыктарынын санын кыскартуу.

Рейддин жүрүшүндө тескөөчүлөр коомдук транспорт айдоочуларынын жана такси айдоочулардын атайын токтоочу жайлардагы эрежелерди сактоо абалын көзөмөлдөп, мыйзам бузган учурлар боюнча тиешелүү чараларды көрүшүүдө.

Ички иштер министрлиги  эскертет:

-Автобус айдоочулары жүргүнчүлөрдү түшүрүп-алууда атайын белгиленген жерлерди гана пайдаланууга жана башка коомдук унаалар үчүн орун калтырууга милдеттүү;

-Такси жана жеке унаа айдоочулары коомдук транспортко арналган токтоочу жайларды ээлебей, автобустардын кыймылына тоскоолдук кылбоого тийиш;

-Бардык айдоочулар жол эрежелерин так сактап, жолдо жүрүү маданиятын жогорулатууга чакырабыз.

Бул талаптардын сакталышы ар бир жүргүнчүнүн коопсуздугун камсыздап, шаардагы жол кыймылынын тартибин чыңдоого түздөн-түз өбөлгө түзөт.

Тектеш кабарлар

Back to top button