Коом

Майлуу-Сууда дары-дармек чыгаруучу завод курулат

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев дары-дармек чыгаруучу завод куруу маселеси боюнча инвесторлор менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууга Кытайдын EHD (Eurasian Healthcare Development), «Циньхуандао Тайчжи Медикал Текнолоджи Компани Лимитед» жана Польшанын фармацевтикалык LEKAM компаниясынын өкүлдөрү катышты.

Анда катуу (таблетка сыяктуу), суюк дары формаларын, майларды жана стерилдүү препараттарды чыгара турган фармацевтикалык комплекс куруу маселеси талкууланды.

Долбоордун жалпы инвестиция көлөмү 25 миллион долларды түзөт. Аны ишке ашыруу менен 800гө чейин жумуш орду түзүлөт. Заводду Майлуу-Суу лампа заводунун аймагында куруу пландалууда.

Адылбек Касымалиев мындан ары да өз ара пайдалуу кызматташууга даяр экенин билдирип, инвестициялык долбоорду ишке ашырууда тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан колдоо көрсөтүлөрүн кошумчалады.

Тектеш кабарлар

Back to top button