Коом
Кыргызстанда биринчи жолу чет элдик жаранга Мекен-карт берилип, ал мекендеш макамына ээ болду

Санариптик өнүктүрүү министрлигинин башчысы картаны ата-энеси Кыргызстанда жашаган россиялык жаранга тапшырды. Эми документтин ээси добуш берүү укугунан башка бардык артыкчылыктардан (визасыз, каттоосуз иштөө, медициналык кызмат, билим алуу) пайдалана алат.
Мекен-карт Кыргызстандын мурдагы жарандарына, алардын балдары, неберелерине жана Кыргыз ССРинде туулган чет элдиктерге да берилет. Документти алуу үчүн Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө же калкты тейлөө борборлоруна жана паспорт столдоруна кайрылууга болот.



