Коом

Ат-Башыда катуу шамал үйлөрдүн чатырын учурду

Нарын облусунун Ат-Башы районунда күн мурун саат 15:00 чамасында Ат-Башы айылында чыгыштан-батышка ылдамдыгы секундасына 16-19 метрге чейин жеткен катуу шамал катталды.

ӨКМден билдиришкендей, анын кесепетинен Ат-Башы айылынын Абыкеев көчөсүндө жайгашкан көп батирлүү турак үйдүн 150 чарчы метр тунике менен жабылган чатырын учуруп кеткен.

Жерине райондук Жарандык коргонуу комиссиясы тартылып, тактоо иш-чараларын жүргүзүүдө.

Тектеш кабарлар

Back to top button