Коом

«Жаш ветеринар: турак жай жана карьера» аттуу пилоттук программасы ишке киргизилүүдө

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги министрлер кабинетине «Жаш ветеринар: турак жай жана карьера» аттуу пилоттук программаны ишке киргизүү боюнча токтом долбоорун сунуштоого даярданып жатат. Программа ветеринардык тармактагы кадр тартыштыгын жоюу жана жаш адистерди айылдык, ошондой эле жетүүгө кыйын аймактарга тартууга багытталган.

Министрликтин маалыматына ылайык, 12 айга эсептелген пилоттук долбоорго 60 жаш ветеринар тандалып алынат. Программага катышкан адистер кеминде беш жылдык милдеттүү эмгек мөөнөтүн аткарууга тийиш. Демилге алкагында көтөрмө төлөм, келечектеги ипотеканын баштапкы төлөмүнө топтоло турган ай сайынкы депозит, ошондой эле ижара акысынын ордун толтуруу же кызматтык турак жай менен камсыз кылуу каралган.

Ведомство бул модель ветеринардык көзөмөл системасын бекемдеп, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга жана айыл аймактарынын социалдык өнүгүшүнө өбөлгө түзөрүн белгилейт.

Министрлик ошондой эле жарандардын сунуш-пикирлерин кабыл алууга даяр экенин билдирип, демилге көтөрүүгө чакырды.

Тектеш кабарлар

Back to top button