Коом
Кыргызстанда 9715 ишкерге пайызсыз кредит берилди

Бул тууралуу Финансы министрлигинин Басма-сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, микро, чакан жана орто ишканаларды шашылыш колдоо» долбоорунун 9 миң 715 ишкерге 6 млрд 671 млн 898 миң 917 сомго пайызсыз кредит берилди.
1-категория боюнча (1 млн сомго чейин) 8 миң 478 ишкерге 4 млрд 816 млн 019 миң 917 сом берилген.
2-категория боюнча (3 млн сомго чейин) 1214 ишкер насыя алган. Жалпы сумма 1 млрд 855 млн 879 миң сомду түзгөн.
Долбоор Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында 2027-жылдын июлуна чейин ишке ашырылат.



