Ысык-Көлдүн милиция кызматкерлери 2011-жылдан бери издөөдө жүргөн кылмышкерди кармашты

24-июндан 25-июнга чейин Ысык-Көл облусунун аймагында жүргүзүлгөн «Издөө» Ыкчам операциясынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан ар кандай кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн 9 жаран кармалды. Андан тышкары, дайынсыз жоголгон 6 жарандын жүргөн жерлери аныкталды жана мурда жасалган 5 кылмыштын бети ачылды.
Алып айтсак, «Издөө» операциясынын алкагында Ысык-Көл ОИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери, 2011-жылдан бери издөөдө жүргөн 39 жаштагы Э.А. аттуу жаранды кармоо боюнча ийгиликтүү иш-чараны турмушка ашыра алышты. Кармалган кылмышкер облустук милиция тарабынан бир катар оор кылмыштарды, анын ичинде каракчылык, адам өлтүрүүгө аракет кылуу жана документтерди жасалмалоо үчүн изделип жүргөн.

Көп жылдар бою тынымсыз издөө иштеринин жүрүшүндө милиция кызматкерлери акыры изделип жаткан Э.А. башка өлкөнүн аймагында башка бирөөнүн фамилиясын колдонуп жашырынып жүргөнүн аныктай алышты. Бул жагдай, шектүүнү өз убагында кармоого бир кыйла татаалдаштырган. Бирок, милиция кызматкерлеринин координацияланган иш-аракеттеринин жана жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын аркасында шектүү жаран акыры тузака илинди.
Милиция кызматкерлеринин көрүлгөн аракеттери, изделип жаткан кылмышкердин өздүгүн жашыруу боюнча көрүлгөн амалына карабастан, анын кайда экенин аныктоого жана аны кармоого мүмкүндүк берди. Изделип жаткан Э.А. Кыргызстандан башка бирөөнүн аты менен кайрадан чыгып бара жатканда «Манас» аэропортунан кармалган.
Кармалган кылмышкер Ысык-Көл ОИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.
Учурда, анын кылмыш ишинин бардык жагдайларын тактоо үчүн кошумча тергөө амалдары жүрүп жатат.



