Коом
ТИМ кыргызстандыктарга Россияга зарылчылык болбосо барбай турууну сунуштады
Ведомство учурда Россиянын бардык аймагында коопсуздук жана антитеррордук чаралар күчөтүлгөнүн эске салды.
Ал эми учурда Россияда жүргөн кыргызстандыктарга эл көп чогулган жерлерге барбай турууну, жанына ар дайым өздүгүн тастыктаган жана РФ аймагына кирүүгө алынган уруксат кагаздарын алып жүрүүнү сунуштайт.
Маселе жаралса Кыргызстандын Моквадагы элчилиги менен +7 925 115 50 47, же консулдук бөлүм менен +996 999 312 002 номери аркылуу байланышса болот.



